Каржы министри 16-мартта 230 миң сомдук тендерди мамлекеттик сатып алуулардын расмий сайтына жарыялаган кызматкерлерине сөгүш берди

Каржы министри сүзүү көлмөлөрүнүн (бассейн) кызматын 16-мартта 230 миң сомго сатып аларын мамлекеттик сатып алуулардын расмий сайтына жарыялаган кызматкерлерине сөгүш берди. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

"Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Каржы министри Адылбек Касымалиевдин бул сатып алуу тууралуу кабары жок болчу",- деп айтылат маалыматта.

Андыктан кечээ, 22-мартта өткөн аппараттын отурумунда бюджеттик каражаттардын натыйжасыз пайдаланылып жатканын белгилеп, тиешелүү структуралык бөлүмгө тендерди жокко чыгарттырды. Ошондой эле тендерди макулдашпай жарыялагандары үчүн Каржы министрлигинин статс-катчысы Зуура Баямановага, Спорт коомчулугунун жана Борбордук казыналыктын директорунун орун басары Нукеш Кожобергеновго жана уюштуруу-административдик камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Марс Исмаилбековго катуу сөгүш жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан