Кыргыз-өзбек чек арасына өзбек аскерлеринин кирип келгенине 6 күн болгон соң Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт менен жолугушту

Бүгүн, 23-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жана фракция лидерлери өкмөт башчысы Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуп, кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаал боюнча пикир алышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев, “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов, КСДП фракциясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков, Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Радбек Ешмамбетов, ички иштер министри Мелис Турганбаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиев жана өкмөттүн чек араларды делимитациялоо маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров катышты.

"Жолугушууда өкмөт мүчөлөрү кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал боюнча өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кенен маалымат беришти. Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалды жайгаруу, андан чыгуунун жолдоруна байланышкан суроолорду узатышты. Ошондой эле жалпы коомчулукка кыргыз-өзбек чек арасындагы абал боюнча өз убагында маалымат берип туруу, чек араны коргоодо бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу жаатында сунуштарды берип, президенттин жана өкмөттүн мамлекеттик чек араны кайтаруу жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу багытында саясатын ар тараптан колдоого алууга даяр экендигин билдиришти",- деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, 21-25-март күндөрү Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөнүн аймактарында иш жүргүзүшүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан