Алмазбек Атамбаев Брюсселдеги терактка байланыштуу Бельгиянын падышасы Филиппке көңүл айтты

Президент Алмазбек Атамбаев 23-мартта Брюсселде болгон террордук актылардын кесепетинен жарандардын курман болгонуна байланыштуу Бельгиянын падышасы Филиппке көңүл айтты.

"Кыргыз Республикасы бул адамгерчиликсиз жана үрөй учурган террордук актыны чечкиндүү айыптайт. Ошондой эле мындай актыларды адамгерчиликке сыйбайт жана актоого болбойт деп эсептейт",- деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында. Президент курман болгондордун туугандарын жана жакындарын колдоорун билдирип, бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан