Баткен облусунда 130 наристе үчүн эки бала бакча ачылды

Бүгүн, 23-мартта Лейлек районунун Лайли жана Максат айылдарында 130 наристе үчүн "Данакер" жана "Сейтек" деп аталган бала бакчалардын ачылышы болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, ачылыш аземине Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы Баймурат Бекмуратов, билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашимбаева, Улуу Британиянын Борбор Азиядагы эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлигинин башчысынын орун басары, БУУнун Балдар фондунун Оштогу кеңсесинин жетекчиси Эдуард Бонет жана башка коноктор катышышты.

"Мектепке чейинки мекемелердин жетишсиздиги балдардын мектеп босогосун эч даярдыксыз аттоосунун бирден-бир себеби болуп саналат. Акыркы жылдары эл аралык донорлордун колдоосу алдында республика боюнча жүзгө жакын бала бакча ачылган. Ошону менен бирге мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүк жагынан алып караганда шаарлар менен айылдар ортосундагы айырма бир кыйла кыскарды. 2006-жылы элет жергесинде мектепке даяр балдардын саны 8 пайызды түзсө, 2014-жылы бул көрсөткүч 40 пайызды түзгөн",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан