Бишкек шаардык мэриясы Улуу Ата Мекендик согушта курман болуп, сөөгү Украинада жерге берилген жоокер Моржаков Пётр Михайловичтин жакындары кыргыз жеринде изделип жатканын кабарлады. Жоокерди тааныгандарды издөө "Имена неизвестных солдат" долбоорунун алкагында уюштурулуп, Украина тарап мэриядан маалыматтык колдоо көрсөтүүнү суранган.
"Пётр Моржаков 1924-жылы туулуп, 1943-жылы сентябрь айында кандуу согуш талаасында көз жумган. Анын сөөгү Харьков облусунда жерге берилген. Аны аскерге чакырууда толтурулган документте туруктуу жашаган аймагы катары Фрунзе шаары көрсөтүлгөн" деп жазылат маалыматта.