Кечээ, 22-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында ички иштер органдарынын өздүк курамынын жалпы гарнизондук бөлүштүрүүлөрү болуп өттү. Бул тууралуу Ош ШИИБинен билдиришти.
Гарнизондук бөлүштүрүүлөрдө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков, КРнын ИИМинин Ош шаары жана облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Кылычбек Жолдошев, Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Рысбек Момбеков, ошондой эле шаардык, облустук жана аймактык ИИБдин кызматкерлери, Патрулдук кайгуул-милициясынын, Атайын ыкчам тобунун кызматкерлери жана ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү катышышты.
Иш-чара өздүк курамдын сезондук форма кийимине өтүү, күчтөрдү жана каражаттарды уюштуруу жана бирге кызматташуу, Ош облусундагы шайлоо убагында коомдук тартипти сактоо максатында өткөрүлдү.
Ошондой эле шайлоо маалында коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоого укук коргоо органдарына 2 миңдей жарандык ыктыярчылар жардамдашат. Гарнизондук бөлүштүрүү маалында өздүк курамга азыркы кырдаал, сот жана тергөө иштеринен качып, издөөдө жүргөндөр тууралуу маалымат берилди. Иш-чара салтанаттуу марш менен аяктады.