Бишкек мэриясы Эркиндик бульварын көрктөндүрүү боюнча долбоордун эскизин коомдук талкууга койду. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы менен “Ырыстан” коомдук фондунун ортосунда түзүлгөн меморандумга ылайык, Эркиндик бульварын көрктөндүрүү Линейная көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин жүргүзүлөт. Учурда бул долбоор демилге катары гана каралып, ал качан ишке ашары белгисиз. Ошол эле учурда иш башталып кеткен маалда “Ырыстан” фонду керектүү делген өсүмдүктөрдү өз каражатына аларын билдирген.