Бүгүн, 23-мартта Бишкекте 2016-жылы ажылыкка барчу зыяратчылардын кийимин тигүү боюнча сынак өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган сынакка 4 жеке ишкер катышып, ар бири тигилген кийимдер туурасында айтып жана көрсөтүп беришкен. Жыйынтыгында сапаттуу кездемеден тигилген, кыргыз оймолору жана желеги түшүрүлгөн, ошондой эле кошумча ажылардын керектүү буюм-тайымдарын салып алууга акысыз баштыктар берилерин сынак учурунда комиссия мүчөлөрүнө айтып берген дизайнер жеңүүчү аталды.
Айта кетсек, жеңүүчү аталган дизайнер 2016-жылы ажылыкка барчу 3685 адамга атайын кийим тигип берет. Буйрутманын баасы 600 миң сомду чапчыйт. Ал эми тандоо комиссиясына бардык мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирген. Тигилүүчү кийимдер штаб мүчөлөрүнө, аялдарга жана эркектерге деп бөлүнүп, ар бир комплект жок дегенде эки бөлүктөн турат.