24-мартта Бишкектин айрым аймактарында саат 9:00дөн 18:00гө чейин таза суу берилбейт

"Бишкек суу-канал" башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 24-мартта саат 9:00дөн 18:00гө чейин калаанын айрым аймактарында таза суу берилбейт.

"Батыш-2" суу алгычынын оңдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу төмөнкү райондордо таза суу берилбейт: темир жол сызыгы, Фучик, Фрунзе көчөлөрү, Манас кең көчөсү. Анын ичинде: Улуттук банк, "Кыял", "Ош базары", "Арпа" ачык акционердик коому, №2-төрөт үйү, №8, 22, 72, 164, 165, 167-бала бакчалары, К.Акиев көчөсү боюнча №73-бала бакча, №3-“Балдарды коргоо борбору” бала бакчасы, Илимдер академиясы, №9, 13, 31, 8, 2-мектептер, Бишкек финансы-экономикалык академиясы, Эл аралык университет, Бишкек троллейбус башкармалыгы, №1-шаардык клиникалык ооруканасы, Ленин райондук администрациясы, Бишкек эт иштетүүчү консервалык комбинаты, Некрасов көчөсү боюнча Бишкек бор комбинаты, Батыш РЭС, Жаш Гвардия бульвары боюнча Республикалык телерадио борбору, Фучик көчөсү боюнча мурдагы медицина мектеби, Ленин райондук соту, №100-лицей, Бишкек башкы архитектурасы, Мамлекеттик тил комиссиясына.

"Бишкек суу-канал" башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарынан, мекеме жана уюмдардан таза суу камдап алууну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан