ЖЫЛНААМА, 24-март: Мындан 11 жыл мурун Бишкекте президент Аскар Акаевдин режими кулатылган

Мындан 11 жыл мурун, 2005-жылы 24-мартта өлкөнүн ар бир бурчунан чыккан эл толкуну Бишкекке чогулуп, президент Аскар Акаевдин режими кулатылган.

2005-жылдын февраль айында болгон депутаттык шайлоолор өтө ыплас өтүп, эл колдогон адамдар мамлекеттик машинанын арты менен четке сүрүлүп, депутаттык мандаттарынан ажырашкан. Мындай адилетсиздикке күбө болгон карапайым калк түп-тамыры менен көтөрүлүп, ар бир аймакта нааразычылык акцияларын өткөрө баштаган. Дал ушул күнү аймактардан келген эл Ак үйдүн алдына чогулуп, Аскар Акаев үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

24-марттын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан