23-мартта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин демилгеси менен анын Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү жүргүзүлдү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, тараптар Борбор Азиядагы кырдаалды талкуулашты. Мындан тышкары министрлер Шанхай Кызматташтык Уюмунун жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында иш жүргүзүү маселеси боюнча пикир алмашышты. Ошондой эле тышкы иштер мекемелеринин башчылары эки тараптуу мамилелердин маселелерин талкуулашканы маалым болду.