Өлкөдө "Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы" жыйынтыкталды

Өлкөдө "Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы" жыйынтыкталды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара "Катыш, акчаны акылдуулук менен топто" деген ураандын алдында белгиленип, анын жабылышына арналган салтанат 23-мартта Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт искусство музейинде өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, өлкөнүн Банктар биримдиги, Өнүктүрүү-саясат институту, коммерциялык банктар, мамлекеттик жана коомдук мекемелер жана “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын” алкагындагы сүрөт, видеотүрмөк жана эссе боюнча сынактан жеңген окуучулар жана студенттер катышышты.

Иш-чараны ачып жатып Улуттук банктын расмий өкүлү Раушан Сейткасымова “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы” ийгиликтүү өткөнүн, бул кампанияга тартылган катышуучулардын арасында кызыгуу жаралганын, балдар гана эмес, чоңдор арасында дагы калктын каржылык сабаттуулугу темасы өлкөбүздө өтө актуалдуу маселелердин бири экенин белгиледи.

Улуттук банк “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы” кампаниясын ишке ашырууга кызуу киришти. Биздин адистер республиканын бардык аймактарында лекцияларды окуп, окуучуларга жана студенттерге каржылык жактан сабаттуу болуу азыркы учурда өтө маанилүү экенин, билим капиталдын эң негизги булагы катары келечекте аны туура пайдалануу аркылуу акчага жетишүүгө мүмкүндүк берерин айтып беришти. Ачык эшиктер, лекция, семинар жана башка иш-чаранын баарында тең катышуунун деңгээли жогорку болгону байкалды. Балдарды кызыктырган көптөгөн суроолор болду, алар тренинг жана сынактарга активдүү катышып жатышышты”,- деп белгиледи Сейткасымова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Мэри
2016-03-24 10:00:43
Кап, ушул мага керек нерсе экен... Акчаны кантип чогултуу керектигин үйрөнмөк экенмин))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан