Бүгүн, 24-мартта Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде эс алуу жайы салынуучу аймакта президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда иш-чара өтүүдө.
Бишкек башкы архитектурасынын башчысы Бактыбек Абдиевдин айтымында, бул эс алуучу жайда фонтан курулмакчы. "Бул сквердин аянты 1 гектарга жакын. Курулуш иштерин ушул жылдын август айында бүтүрүүнү пландап жатабыз. Бишкек шаары боюнча дагы 6 эс алуучу жайды салуу пландалууда",- деди Абдиев.