Бүгүн, 24-мартта Бишкекте журналисттер менен жолугушуусунда президент Алмазбек Атамбаев мурунку өлкө башчылар Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди сынга алып, айрым артисттерди "кыргыз элин түндүк-түштүккө бөлүп жатат" деди.
"2005-жылы революцияны Бакиевдин адамдары эмес, жарандар жасашкан. Бакиевдин колоннасын таратып жибергенде, ал, өзү айткандай, манты жегени кеткен. Ак үйдү алгандардын арасында ар улуттагы жарандар болгон. Алардын арасында кеминдиктер да бар эле. Биз президент Акаевге "сен эми президент болбошуң керек" деп айтканы жатканбыз. Ошол кездеги Конституцияга ылайык, президент 2 жолу 5 жылдык мөөнөткө гана шайлана алган. Бирок академик 2005-жылы дагы бир президенттик мөөнөткө шайланганы жаткан. Демек, академик бешти бешке кошкондо канча болорун билген эмес...
Ал кезде шайлоо өтө начар өтчү. 2005-жылдагы революциядан соң бийликке коом үчүн андан бетер коркунучтуу үй-бүлө келген. Бакиев Кудайды айтып жана нан кармап "Акаевдин убагындай иштер болбойт" деп өзү мага ант берген",- деди Атамбаев.
"Айрым артисттердин жана куудулдардын "2005-жылы революцияны түштүк эли, 2010-жылы түндүктүктөр жасашты" деп айтканы чындыкка туура келбейт. Бул адамдар кимдир бирөөнүн тапшырмасын аткарып жатышат. Элибиз ар дайым биргеликте болгон. Биз таза, адилеттүү бийликтин болушун каалаганбыз. Бийликке келгиң келеби, шайлоо аркылуу парламентке кел. Бийликтин жана оппозициянын күчтөрү бар, бирок өтө начар адамдар бар. Алар шайлоо аркылуу колдоого ээ боло албастыгын билишет, ошондуктан төңкөрүш жана кан төгүү менен бийликке келүүгө ниеттенип жатышат",- деди президент.