SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргыз менталитети кечээ, бүгүн, эртең" деген тема талкууланып жатат.
Темада менталитеттин азыркы абалы сөз болууда:
"Менталитет - кыргыздын жүзү".
"Биз түпкүлүктүү, маданияты бийик, тубаса билимдүү, ойчул, даанышман элдин урпактарыбыз. Биздин тарых 2200 жылдан ашык мезгилди камтыйт. Менталитетибизге цивилизациянын, азыркы глобализациянын да таасири тийип жатат. Ал эми улутту улут кылып турган анын тили, каада-салты, кийими, тарыхы, маданияты, дини, дили, жери да. Ошол кыргыздын каада-салттарын, тарыхын, маданиятын, адабиятын жакшы билген адам кыргыздын менталитетин жакшы түшүнөт деп ойлойм. Өкүнүчтүүсү, биз өзүбүздүн жакшы нерселерибизди бат унутуп, башканыкын тез өздөштүрүп алабыз.
"Менталитет - бул айырмалануу. Кыргыз калкымдын тоодон тоого көчкөнү - жакшы жашоого аракет кылганы, башкача айтканда, жакшы жер табам дегени. Бул жоопкерчиликтин жоктугу эмес, тескерисинче, жоопкерчиликтүүлүгү".
"Кыргыз элинин менталитети - анын каада-салты, үрп-адаты, ошол каада-салтты кийинки муундарга өткөрүп берүү - биздин милдет. Бирок ар мезгилдин коомдук, социалдык абалы, карым-катнашы ушул кыргызымдын менталитетин өзгөртүп, кээде жоголушуна да себеп болууда. Акыркы кездеги Европаны тууроо, динди туу тутуу менен кыргыздын каада-салттарын жокко чыгарууга аракет кылуулар болууда".