Бүгүн, 24-мартта Нарын шаарында Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата акция өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди. Маалым болгондой, акцияга мектеп окуучулары, студенттер, мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты.
Иш-чаранын алкагында окуучулар "Мыкты чакырык", "Мыкты плакат" сынактарына жана веложүрүшкө катышты. Ал эми студенттер жана мекеме кызматкерлери аялдар, эркектер арасында 1 чакырым аралыкка чуркашты. Уюштурулган сынактардын жана мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө Кызыл Жарым Ай коомунун демөөрчүлүгү менен даярдалган баалуу белектер тапшырылды.