Бүгүн, 24-мартта Ош шаарында Тарых жана маданият жылынын алкагында "Бир оор жолдун үч ашуусу" деген аталыштагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, конференцияга билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева, профессор Кыяс Молдокасымов, ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков, университеттин профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер катышты.
"Конференциянын жүрүшүндө тарыхчылар "Тарых жана маданият жылында аткарылуучу иш-чаралар", "Аксы окуясы - эгемендүү Кыргыз Республикасындагы саясий өзгөрүүлөрдүн башаты", "Март элдик революциясынын себептери жана эгемендүү кыргыз жергесинин тарыхындагы орду", "2010-жылдагы Апрель революциясынын себептери жана сабактары" деген темалардын алкагында баяндамаларды жасашты.
Белгилей кетсек, илимий-практикалык конференциянын негизги максаты жаштарга тарыхты туура жеткирүү, алардан сабак алуу болуп саналат”,- деп айтылат маалыматта.