SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Секс менен көп алектенген адам жаш көрүнөбү?" деген тема талкууланууда. Аял-эркек мамилесине пикир айткандар көп, айрымдары:
"Анда үйлөнгөн жигиттер менен келиндер барган сайын жаштык кездеги жалындуу кезин жоготуп картайбай, тескерисинче, жашарып кетишпейт беле..."
"Секс жакса жашарат, жакпаса картаят".
"Менимче, секстин жашарып же картаюуга тиешеси жок".
"Ашыкча секстин жетишсиз секстей эле зыяны бар. Пайдасын көрөм деп өзүңдү мажбурлоодон кач. Алсыратып, шалдыратып, дененин кубатын качырат".
"Аял киши секс кылбаса, ачуулуу болуп калат".
"Сексти өз убагы менен, сүйүү менен пайдаланса өмүрдү узартат".
"Секс адамдын нервин гана эс алдырып пайда болбосо, башка жагынан адамдын көп эле энергиясын, күчүн алып коёт".
"Бул аялга да, эркекке да пайдалуу жана керектүү искусствонун бир түрү".
"Узак жашашы мүмкүн. Себеби илгеркилер свет жок, 15-16 бала төрөсө деле 80-90 жашка чейин жашашкан".
"Изилдөөлөргө таянсак, секс адамдын өмүрүн узартат. Дайыма интимдик жашоодо жашаган эркек менен кумарга аз баткан эркекти салыштырышкан. Натыйжада биринчиси узак жашай тургандыгы аныкталган".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.