Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 24-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун Борбор Азия үчүн алдын алуу дипломатиясы боюнча аймактык борборунун башчысы Петко Драгановду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү жарыялады.
Маалыматка ылайык, жолугушууда аймактык коопсуздукту камсыз кылууга жана Борбор Азия чөлкөмүндөгү кырдаалдын өнүгүү перспективаларына байланыштуу маселелер талкууланды.
Мамлекет башчы Кыргыз Республикасы аймакта пайда болгон маселелерди сүйлөшүү жолу менен гана чечүүнү жактаарын, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн биргелешкен аракеттерин улантуунун маанилүү экендигин баса белгиледи.
Президент Алмазбек Атамбаев ар кайсы чөйрөлөрдөгү реформаларды ишке ашырууда кыргыз өлкөсү менен БУУ системинин ортосундагы кызматташтык мындан ары да уланарына үмүттөнөрүн билдирип, аймактагы диалогду бекемдөөдөгү Борбор Азия үчүн алдын алуу дипломатиясы боюнча аймактык борбордун мүмкүнчүлүгүн белгиледи.