2016-жылга бюджетте «капиталдык салымдар» беренеси боюнча 4 миллиард 760 миллион 984,4 миң сом каралган. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 2015-жылы «капиталдык салымдар» беренеси боюнча 350 объект каржыланды. Анын ичинен 227 объект – билим берүү объекттери, 25 – саламаттык сактоо объекттери, 25 – маданият жана спорт объекттери, 32 – автоунаа жолдору жана көпүрөлөр, 19 – турак жай-коммуналдык чарба объекттери, 1 – суу чарба курулмалары, 21 – башка объекттер.
Былтыр аталган берене боюнча республикалык бюджеттин чыгашасы 4 миллиард 763 миллион 600 миң сомду түздү.
Капиталдык салымдар – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген долбоорлорду сметалык каржылоону өз ичине камтыган, мамлекеттик приоритеттүү социалдык-экономикалык мааниге ээ объекттерди өнүктүрүү үчүн пайдаланыла турган өнүктүрүү бюджетиндеги берене.