Бишкектеги троллейбус айдоочуларынын эмгек акысы жыл аягына чейин 50 пайызга көтөрүлөрү убадаланды

Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгынын жетекчилиги алмашты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, калаа мэри Албек Ибраимов жана вице-мэр Геннадий Милицкий троллейбус айдоочуларынын тобу жана Транспорт башкармалыгынын өкүлдөрү менен чогулуш өткөрүштү. Анын жүрүшүндө троллейбус айдоочуларынын көйгөйлөрү талкууга алынды. Жыйынтыгында айдоочулардын айлык маселеси чечилип, 1-апрелден баштап жылдын аягына чейин көтөрүлүп турмай болду.

"Экинчи маселе аялдамаларга токтоодо жаралып жаткан көйгөйлөр болду. Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Болотбек Мамышев жол эрежелерин бузуп жаткан айдоочулар тууралуу арыздарды аларга өткөрүүгө болорун жана бул боюнча иштер жүргүзүлөрүн билдирди",- деп айтылат маалыматта.

Троллейбус айдоочуларынын дагы бир көйгөйү - тиешелүү унаа тетиктеринин жетишсиздиги. Албек Ибраимов бул маселе боюнча троллейбус чыгарган ишканалар менен келишим түзүлөрүн айтты.

"Жыйында Троллейбус башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу кызматына вице-мэр Геннадий Милицкий дайындалды. Ал аталган башкармалыктын жетектөөчү жамаатын сынактын негизинде кыскартмай болду. Муну менен катар айдоочулардын турак жайга болгон муктаждыгы айтылды, калаа мэри шаардагы колдонулбай турган турак жайларды инвентаризация кылгандан кийин уюмдун жумушчуларына жатакана катары берилерин билдирди. Жумушчу топтун кийинки жолугушуусу апрель айынын ортосунда өткөрүлмөкчү",- деп билдирет мэрия.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
hann
2016-03-25 13:10:15
баягы эле жомоктор. Буга чейин деле жетекчилик койгойду женилдетуу иш чараларын корсо болот эле. Бала ыйлабаса эмчек жок болуп оз кара жаны иш оруну учун кабинет ээлеп отурбай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан