Өлкөдө 400 миңге жакын адам мамлекеттик жөлөк пул алат

Өлкөдө 2016-жылдын 1-мартына карата 382,8 миң адам мамлекеттик жөлөк пул алат. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта маалымат жыйынында эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, алардын басымдуу бөлүгүн же 301,4 миңин балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр түзөт. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул маалына салыштырганда 2 пайызга азайды.

"Ай сайын мамлекеттик жөлөк пулду алуучу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин саны 81,4 миң адамды түзөт. 2015-жылдын 1-июлунан тарта балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилчү кепилденген минималдык кирешенин көлөмү 705 сомдон 810 сомго чейин көбөйтүлдү. Жыл башынан бери 910,4 миллион сомго жөлөк пул берилди. Алардын 510,5 миллион сому балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана 399,9 миллион сом ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилген",- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uluk_Kalyev
2016-03-28 08:44:04
Айтканыныз жакшы урматтуу министр бирок айыл жеринде жолокпулга докмаент тапшыралбай эл кыйналып жататко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан