Былтыр кароосуз калган 11 бала Орусиядан кыргыз жергесине алынып келинген

Былтыр кароосуз калган 11 бала Орусиядан кыргыз жергесине алынып келинген. Муну бүгүн, 25-мартта маалымат жыйынында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Ахматова билдирди. Анын айтымында, Орусияда кароосуз калган балдар эмгек мигранттарынын балдары болуп эсептелет.

"Тилекке каршы, чет өлкөдө жүргөн кээ бир мекендештерибиз балдарын бага албай балдар үйлөрүнө калтырып кетишет. Бизде бир гана Орусиядан ушундай балдар мекенине кайтарылып келүүдө. Мындай иштерге бюджеттен жыл сайын 2 миллион сомго жакын каражат бөлүнөт, анткени бир баланы кыргыз жергесине алып келүү үчүн орто эсеп менен 70 миң сом жумшалат.

Балдар Орусиядан келгенден кийин 3 айдын ичинде алардын туугандары изделип, багып алуу маселеси чечилет. Көбүнчө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды туугандары да алгылары келбейт. Мындай балдар абалына жараша атайын балдар үйлөрүнө жөнөтүлөт.

Кароосуз калган балдарды Орусиядан алып келүү иш-аракеттери 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ошондон бери жалпысынан 50 бала кыргыз жергесине кайтарылган",- деди адис.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
yakutiya-Mirnyi
2016-03-25 13:56:13
аттин канча уй було балага зар!
0
Nazgul83
2016-03-25 14:52:24
Ошол бюджеттен которулган акчаны деле жешет да озлору
+1
Kroxa
2016-03-25 16:29:09
Ар бир балага 70 мин алып келиш учун жумшалгыдай алар эмне пил алып келип жатышабы,,кадимки эле адамдардай самолетко отуруп учушабы документтер деле без родительей он-15 ге бутот кудай берип жеп жатышат какабагыла,,,


+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан