Кыргыз мамлекетинде “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилди. Тийиштүү мыйзамга мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти. Документти Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 18-февралында кабыл алган.
Мыйзам акционердик коомдор тарабынан дивиденддерди төлөөнүн мөөнөттөрүн жөнгө салат, акционердик коомдордун Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча процедураларды тартипке салат, алардын сандык курамын тактайт.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.