Өлкөдө 9 мыйзамдын нормалары лицензия берүү системи жөнүндө мыйзамга шайкеш келтирилди

Президент Алмазбек Атамбаев "Айрым мыйзам актыларына лицензиялоону жүзөгө ашыруу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду.

Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 18-февралында кабыл алынган мыйзамдын максаты – аракеттеги 9 мыйзамдын нормаларын “Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү системи жөнүндө” мыйзамга шайкеш келтирүү жана лотерея мыйзамын өркүндөтүү.

Кол коюлган жаңы мыйзам төмөнкү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизет:

"Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" мыйзам;

"Кооптуу жүктөрдү ташуунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзам;

"Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзам;

"Ташуучунун жүргүнчүлөр алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзам;

"Кызматтык милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзам;

"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" мыйзам;

"Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө" мыйзам;

"Кыргыз Республикасында топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" мыйзам;

"Лотереялар жөнүндө" мыйзам.

Мыйзам расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан