Жакында эле Казакстандын парламенттик шайлоосунда алдыга чыккан "Нур Отан" партиясынын баш кийимдери Кыргыз Республикасында тигилген. Бул тууралуу казакстандык блогдордун биринде жазылды.
Казакстандык блоггер Руслан Ботайулы "Нур Отан" партиясынын форумуна катышып, андагы абалды жана партиянын кийимдерин кенен сүрөттөп берген. Акырында алардын кепкалары Кыргыз Республикасында тигилгенине нааразы экенин жазган.
"Кийим алганы кезекке туруп калбаш үчүн залдан эртерээк чыкканга аракеттендим. Бутум менен бир нерсе тебелеп алгандай болдум. Таманымды карасам, "Нур Отан" деген жазуусу бар кепканы көрдүм. Баш кийим болгондуктан, аны жерден көтөрүп алдым. Алаканыма кагып чаңын күбүп жатып анын ичиндеги этикеткасына көзүм түштү. Өз көзүмө ишенбедим! Жок, жалган! Көзүмдү сүртүп, кайра карадым. Чын экен. "Made in Kyrgyzstan" деп туруптур.
Кыргыз бир туугандар кийим-кечек тигишерине күмөнүм жок. Жашырып эмне кылайын, байпагым, ич кийимим кыргыз өлкөсүндө чыккан. А бул партиянын баш кийимине таң калбаганга аргам калбады.
Ушу ата мекендик кийим-кечени кийип жүрүүнү ким үйрөттү эле? Ата мекендик өндүрүштүн абалы жөнүндө кайсы партия сынактарды уюштурду эле? "Казакстандын жумушчуларынын таламын талашып, колдоп, бейишке алып барабыз" деген кайсы партия эле? Ошол партия ушундай ураан менен 82 пайыз добуш жыйнабады беле? Анан эмнеге партиянын иш-чараларына арналган кийимдерди ата мекендик ишкерлерге тиктирген эмес?"- деп жазган блоггер.