Бүгүнкү күндө жумушсуз адамдардын саны 200 миңден ашат, алардын көбүн эркектер түзөт

"Бүгүнкү күндө жумушсуз адамдардын саны 201,5 миң, алардын көбүн эркектер түзөт",- деди бүгүн, 25-мартта маалымат жыйынында эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев. Анын айтымында, жумушсуздардын 98,4 миңин аялдар жана 103,1 миңин эркектер түзөт.

"Расмий жумушсуздуктун деңгээли республика боюнча 8 пайызды түзөт. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 89,3 миң адам. Ал эми расмий катталган жумушсуздардын саны 57,3 миң жаран. Иш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү астында 5,5 миң жумушсуз жаран ишке орноштурулуп, кесиптик окутууга 389 адам жөнөтүлгөн.

Эмгек рыногунда жаңы жумушчу орундарын түзүү максатында чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн эсебинен жумушсуз жарандарга чакан насыя берилет. Бул жаатта 43 жумушсуз жаран чакан насыя алган. Жумушсуз жарандар чакан насыяны өздөштүрүүнүн натыйжасында элдик кол өнөрчүлүк, товарларды өндүрүү, соода-сатык жана коомдук тамактануу, мал багуу жана башка иштер менен камсыз болушкан.

2016-жылдын 1-мартына карата убактылуу ишке орноштуруу тартибинде коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга 1,8 миң адам жөнөтүлгөн. Кошумчалай кетсек, учурда 546 адамга жумушсуздук боюнча жөлөк пул берилет",- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aibek90
2016-03-25 12:59:22
200 минден коп болсо керек
+1
zhusaliev89
2016-03-25 13:11:23
Эки миллион эмеспи
0
Kroxa
2016-03-25 17:05:12
Эки миллион го менимче
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан