Кыргыз Эл жазуучусу Мурза Гапаровдун 80 жылдыгына арналган “Көп кырдуу сүрөткер” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды (фоторепортаж)

Бүгүн, 25-мартта Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Мурза Гапаровдун 80 жылдыгына карата “Көп кырдуу сүрөткер” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды. Ага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият, илим кызматкерлери, акындар, жазуучулар, студенттер жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Жазуучунун адабиятка болгон шыгы 1960-жылдын башында башталып, ырлары, аңгемелери
гезит-журналдардын беттерине жарыяланган. Гапаровдун алгачкы чыгармасы 1963-жылы “Мейман” деген ат менен басмадан жарык көргөн.

Окурмандар тарабынан эң жогорку баага татыган “Кызыл беде”, “Кыштакча”, “Жаңгак токойлору”, “Шабдалы бак”, “Айгүл тоо”, “Аялдардын деңизи”, “Бир шиңгил жүзүм”, “Экөө ээн бакта” деген чыгармалары жана бир канча аңгемелери орус, француз, немец, чех, румын, болгар, венгер жана башка тилдерге которулган.

Гапаров кино жаатында, драматургия жанрында да өзүнүн чеберчилигин даана көрсөткөн. “Күнөстүү арал”, “Көчө”, “Өрүкзар баяны” деген көркөм жана бир нече даректүү тасмалардын сценарийлери анын калемине таандык.

Академик Константин Юдахин жана Зууракан Кайназарова жөнүндө даректүү фильмдердин жана ондон ашык хроникалык-даректүү фильмдердин сценарийлеринин автору.

Кыргыз драматургиясына өзүнүн чыйырын салган таланттуу сүрөткер Мурза Гапаров оригиналдуу ойлору, колориттүү түзгөн образдары менен дасыккан драматург катары элге таанылган. Ал 1971-жылы СССРдин Кинематографисттер союзунун, 1974-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Кыргыз адабиятын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
alina79
2016-03-25 13:40:44
Мурза Капаров азыр барбы?
-1
Kasha03
2016-03-25 14:15:17
alina79, Ал киши каза болуп калган, бар болгондо азыркы кезинен сурот беришмек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан