Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Кыргыз Республикасынын паспорту 10 жылдык мөөнөткө берилет эмеспи. Анан ошол паспорттун мөөнөтү бүтө электе чет өлкөдө жүргөн КРнын жараны паспортту алмаштырды дейли. Бирок эски паспортто ал жүргөн мамлекеттеги резиденттик визасы чапталган. Бул учурда эски паспортту өлкөдөн чыгып, тиги визасы чапталган өлкөгө кире берүүгө болобу? Же эски паспортту КРнын паспорт берген мекемеси "мындан ары жараксыз" деп алып калып жок кылабы? Суроо калтырган Shanson.
Жооп: - Биринчиден, Кыргыз Республикасынын жараны чет өлкөдө жүрүп мөөнөтү бүтө элек паспортту алмаштыра албайт. Экинчиден, Кыргыз Республикасынын жараны башка мамлекетке чыгарда бара турган өлкөнүн визасын алыш керек. Ал виза КР паспортуна чапталат. Ошол паспорт жана виза менен барчу өлкөсүнө бара алат. Үчүнчүдөн, кандайдыр себеп менен Кыргыз Республикасынын жараны паспортун жоготуп алса, анда ал түздөн-түз Кыргыз Республикасынын ошол өлкөдөгү элчилигине же консулдугуна кайрылып, жаӊы паспорт алууга тийиш. Ошол эле элчилик (консулдук) КР жаранынын визасын жаӊы паспортко койдуруп берүүгө жардам берет же ал өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиштүү документтерди камдап берет. Ошондуктан ар бир Кыргыз Республикасынын жараны узак мөөнөткө (жумуш, окуу же башка себептер менен) барчу өлкөдө кыргыз элчилигинде консулдук каттоого туруусу зарыл.
Суроого Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.