Бишкек шаарында 26-февралдан 19-мартка чейин Алмазбек Атамбаевдин кичүү кызы Алия Шагиеванын "Метаморфоза" аттуу сүрөт көргөзмөсү өттү. Көргөзмөдөн түшкөн 200 миң сомдой акчаны Шагиева Даун синдрому менен ооруган балдардын ата-энелеринин коомдук фондуна которгон. "Анча чоң эмес жумуш жасалды. Менин жасаган эмгегим дүйнөгө бир аз да болсо жарыктык алып келгенине бактылуумун",- деп жазган Алия Шагиева интернеттеги өздүк баракчасына.
Анын айтымында, ал муну менен эле чектелип калбайт.
"Ар шаршемби күнү эми убактымды балдар менен сүрөт тартып өткөрөм",- деп билдирген.