Өлкөдө 151 бала асырап алууга муктаж. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта маалымат жыйынында белгилүү болду.
Маалыматка караганда, 2016-жылы 7 наристени балага зар үй-бүлөлөр багып алышты. Ал эми былтыр кыргыз жергесиндеги 650 бала асырап алынган. Алардын 523үн жергиликтүү тургундар, 27 наристени чет өлкөлүк жарандар багып алышкан.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Ахматова билдиргендей, бала асырап алууда биринчи кезекте жергиликтүү жарандарга мүмкүнчүлүк көбүрөөк түзүлөт.
“Көбүнчө биздин жарандар багып алгысы келбеген, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды чет өлкөлүк жарандар асырап алышат. Биздин наристелерди багып алгандардын басымдуу бөлүгүн АКШ, Нидерланды, Швециянын жарандары түзөт. Чет өлкөгө кеткен балдардын кандай жашап жаткандыгы боюнча текшерүүлөрдү ар бир жарым жылда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жардамы менен жүргүзүп турабыз”,- деди Ахматова.