Ошто дагы бир 100 орундуу балдар бакчасы пайдаланууга берилди (фото)

Бүгүн, 25-мартта Ош шаарынын №2-Достук аймактык кеңешинде 100 орундуу №13-“Кыял” балдар бакчасынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, иш-чарага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар жана бөбөктөр катышты.

Шаар мэри бала бакчаларды курууга, алардын материалдык-техникалык, окуу-усулдук базасын чыңдоого өзгөчө басым жасалып жатканын билдирди.

Аталган бала бакча 1920-жылдары курулган байдын үйү болгон экен. Үйдү 1937-жылдан бери бала бакчага ыңгайлаштырып пайдаланып келишкен. Ошондон улам бул имараттын шартын иликтеп, өткөн жылы бала бакчаны бузуп, анын ордуна жаңы, бүгүнкү күндүн талабына жооп берген бакча куруу чечимине келгенбиз. Кыска мөөнөттө, башкача айтканда, 9 айдын ичинде куруп бүтүрүп, бөбөктөрүбүзгө тартуулап жатабыз. Бүгүн ачылып жаткан жаңы бала бакчаны кошкондо соңку жылдарда 4 бала бакча курулуп, пайдаланууга берилди жана мурда жабылып калган 4 бала бакчаны кайрадан калыбына келтирүүгө жетиштик. Апрель-май айларында дагы 2 бакчанын курулушу аяктайт. Жылдын аягына чейин дагы 2 бала бакча куруунун үстүндө иштеп жатабыз”,- деди Кадырбаев.

Иш-чаранын негизинде калаа башчысы бала бакчаны курууга активдүү катышкандарга Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын жана бакчанын бөбөктөрүнө эстелик белектерин тапшырды.

Бакчанын курулуш иштери 2015-жылдын июнь айында башталып, толугу менен жергиликтүү бюджеттен каржыланды. Жалпы сметалык баасы 35 миллион сомду, тендердик баасы 22 миллион сомду түзөт.

Эске салсак, 23-март күнү Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Гүлбаар-Төлөйкөн айылында 180 орундуу балдар бакчасы пайдаланууга берилген.

Учурда Ош шаарында 31 мамлекеттик, 22 менчик балдар бакчасы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aiko15
2016-03-25 16:33:58
жакшы жанылык бобокторубуздун кулуусуно толсун бул садик
+6
kirgizstan
2016-03-25 16:39:54
Эн жакшы
+3
Umar080814
2016-03-25 17:03:48
Укмуш десем болот
+1
alina79
2016-03-25 17:30:40
Ошондо Оштун кайсы жеринде ачылды.Мен "Достук"аймагын билбейт экенмин,айтып койгулачы билгендер пожалуйста?
+1
anykids
2016-03-25 17:32:40
Ушул мэр жакшы иштеп атабы дейм да ,коп кабат уйллрдун алдыларына да дворлор тушо баштады балдар учун
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан