24-26-март аралыгында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөбүздүн тоолуу райондорунда жана Бишкек-Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Каракол-Эңилчек (45-90-чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
24-марттан тартып аба ырайынын кескин өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу, “Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күжүрмөн даярдыкка өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.