SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жынысты алмаштырганга мамилеңер кандай?" деген тема да талкууга алынды.
Автор "Силер жынысты алмаштырууну каалайт белеңер?" деп суроо салган. Буга көпчүлүк каршы экенин, кыргыз менталитетине бул нерсе туура келбешин, "Кудай кандай жараткан болсо, ошол боюнча эле калган жакшы. Андай алмаштыргандарга же жетишпейт, же ашыкча", "Табияттан кандай жаралса, ошол бойдон калып, өзүнүн адамдык милдеттерин аткаруусу зарыл, балалуу болуп, аларды тарбиялап" деген сыяктуу ойлор айтылган. Бирок бул пикирлерге каршы дагы ойлор да болду:
"Жынысын алмаштырууга ойноп барбайт. Адамдын физиологиялык өзгөчөлүктөрү ошого алып келген үчүн барат да. Гормондорго, психикалык өзгөчөлүктөргө көз каранды иш. Себеби бар болсо, ал кадамга бара берүүсү туура деп эсептейм".
"Ар кимдин башы өзүндө, каалаганын кылса болот".
"Кыз чалыш эркек же эркек чалыш кыз болуп жүргөндөн көрө ошенткени дурус".
"Мен бала кезимде кээде эркек болуп төрөлүп калсам жакшы болот эле дей берчүмүн. Азыр деле эркек болуу мүмкүнчүлүгүн берсе баш тартмак эмесмин. Ал эми тек гана жыныстык органды алмаштырганга каршымын. Баары бир дилиң, жан дүйнөң мурунку бойдон калат да".
Мындан башка да түрдүү пикирлер айтылууда.
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.