Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылынын жолу убактылуу жабылды, бирок айланып өтө турган жол курулган. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Чок-Тал айылынын 49 чакырымында суу түтүктөрүн жайгаштыруу, көпүрөнү куруу иштери көрүлүп жатат. Көпүрөнү куруу үчүн узундугу 1,1 чакырымды түзгөн айланып өтө турган жол курулган. Аталган жол 16-марттан 25-майга чейин жабылды. Оңдоо иштери Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду жолун курууга байланыштуу жүрүүдө.