Бишкектин ирригациялык системдерин тазалоо 70 пайызга бүткөрүлдү. Муну бүгүн, 25-мартта шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, “Жашылдандыруу” жана “Тазалык” муниципалдык ишканалары арыктарды тазалоо боюнча жазында бир жолу өткөрүлчү иштерди жүргүзүп жатышат. Сейил бактар, скверлер, бульварлар жана аянттардын арыктары тазаланып бүтүп, учурда магистралдык каналдарды сугаруу мезгилине даярдоо иштери аткарылууда. Бишкекте сугаруу мезгили май айында башталат.