Бүгүн, 25-марттан тарта "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому алгачкы мамлекеттик ипотекалык насыяларды бере баштады. Бул тууралуу аталган ишкананын коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдирди.
Жалал-Абад жана Ош облустарындагы мамлекеттик банктардын бөлүмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларына турак жай алуу үчүн каражат берет. Алгачкылардан болуп медицина жана билим берүү тармагындагы кызматкерлер алышты. "Банктык сыр" мыйзамына ылайык, "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун кардарлардын тизмесин жарыялоого укугу жок. Учурда потенциалдуу алуучулардын жалпы саны 185 адамды түзөт. Негизинен алар мектеп мугалимдери, медицина кызматкерлери жана социалдык жумушчулар.
Баткен облусунда 9 мугалим, 4 медицина кызматкери жана 1 социалдык жумушчуга насыя берилет. Жалал-Абад облусу боюнча 11 билим берүү, 10 медицина жана 4 социалдык кызматкерге берилет. Ысык-Көл облусунда 6 медицина жана 9 билим берүү кызматкери тизмеге кошулган. Нарын облусу боюнча 1 социалдык, 4 медицина ишканасынын жана 5 билим берүү кызматкери алат. Талас облусунда 5тен медицина жана билим берүү кызматкерлери алышат. Ош облусу жана шаары боюнча 20 билим берүү жана 13 медицина өкүлдөрүнө берилери күтүлүүдө. Чүй облусу боюнча тизмеге 10 билим берүү, 10 медицина тармагындагы жана 10 социалдык кызматкер кирген. Бишкек шаары боюнча комиссия 24 билим берүү, 20 медицина жана 4 социалдык кызматкердин тизмесин берген.
Мамлекеттик ипотекалык насыяларды алууну каалагандарды каттоо дагы да уланууда. Кызыкдар болгон жарандар жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга кайрылышса болот. Мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери арызды иштеген жерине ылайык беришет.