SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Рим Папасы качкындардын бутун жууду" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Epke)
Бул видеодо Рим Папасы Франциск «Воспоминания тайной вечери» деген аталышта зыйнат өткөргөнү чагылдырылат. Зыйнат христиандар менен биргеликте мусулмандар да, индустар да баш калкалоочу Римге жакын жердеги качкындарды кабыл алуу борборунда өттү. Рим Папасы өз сөзүндө жакында болгон Брюсселдеги жардырууну эске алып, буга кан төгүүнү каалаган курал-жарак жасап чыгарган мекемелер, сатуучулар, сатып алуучулар, адамдарды саткандар себепкер экенин белгиледи. Ошондой эле ал "биз ар башка улутпуз, маданиятыбыз башка, динибиз башка, бирок баарыбыз бир тууганбыз, биз ынтымакта, тынчтыкта жашоону каалайбыз" деди. Франциск зыйнатта салт боюнча ар кошкон качкындардын бутун жууду.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.