ЖЫЛНААМА, 27-МАРТ: Мындан 89 жыл мурун Улуттук кардиология борборунун негиздөөчүсү, медицина илимдеринин доктору, академик Мирсаид Миррахимов туулган

Мындан 89 жыл мурун, 1927-жылы 27-мартта Улуттук кардиология борборунун негиздөөчүсү, медицина илимдеринин доктору, академик Мирсаид Миррахимов Фрунзе шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун (КММИ) бүтүргөн. Факультеттик терапия кафедрасында клиника ординатору, пропедтерапия, факультеттик терапия кафедраларынын башчысы, КММИнин илимий иштери боюнча проректору болуп иштеген. 1978-жылдан тартып Кыргызстан кардиология илим изилдөө институтунун директору болгон. 700гө жакын илимий эмгектери, анын ичинен 23 монографиясы, 500гө жакын илимий макалалары жарык көргөн жана 19 ойлоп табуунун автору.

Негизги илимий эмгектери бийик тоолуу шартта адам организминин физиологиясына жана патологиясына арналган. Бийик тоо гипоксиясына адамдын фазалык түрдө көнүгөрүн аныктаган. Ал бийик тоо кардиологиясына негиз салуучулардын бири. Анын жетекчилиги менен 100гө жакын илимдин докторлору жана кандидаттары диссертацияларын жакташкан.

Мирсаид Миррахимов - Кыргыз улуттук илимдер, Орусия медициналык илимдер жана Нью-Йорк академияларынын академиги, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген врач, илим жана техника боюнча эмгек сиңирген ишмер, илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын ээси, СССРдин Саламаттыкты сактоосунун отличниги, КРнын Билим берүүдөгү отличниги жана Социалисттик Эмгектин Баатыры. Анын ысымы Эл аралык Ардак китептерине кирген. Мирсаид Миррахимов 2 Ардак белгиси, 2 Ленин, Октябрь революциясы, Элдердин достугу, III даражадагы Манас ордендери жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.

Мирсаид Миррахимов 2008-жылы 2-октябрда 81 жаш курагында көз жумган. Анын сөөгү 5-октябрь күнү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

27-марттын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Atai96
2016-03-27 09:09:49
Ош шаарынын жанындагы Кыргыз Чек деген айылга кардиологиялык оорукананы Мирсаит Миррахимов салдырган жана негиздеген азыр ал оорукана Кардиология боюнча Ош, Жалал Абад, Баткен областтары боюнча 1- орунда турат Мирсаит Миррахимовдой окшогон кыргыздын чыгаан азаматтары кобойо берсе мамлекетибизда онуго берет
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан