УКМК дагы бир адамды "өлкөдө төңкөрүш жасоону пландаган" деген шек менен кармады

"Өлкөдө төңкөрүш жасоону пландаган" деп шектелип К.Э. аттуу адам Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган адам "коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, андан ары бийликти күч менен басып алууну пландаган" деп айыпталууда. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

К.Э. аттуу кармалган адам энергетика маселелери боюнча адис Эрнест Карыбеков экени айтылууда.

Айта кетсек, кечээ, 24-мартта "өлкөдө төңкөрүш жасоону пландаган" деген шек менен Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан