Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын аймагында каттоодо турган “Хизбут-Тахрир”
диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү, үгүтчүлөрү жашаган жана бул уюмга байланышы бар делген атуулдардын үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлдү. Тагыраак айтканда, 5 үй текшерүүгө алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, тинтүү учурунда мыйзамсыз буюмдарды жашырууга аракет кылгандар кездешти. "Далил буюм катары ар кандай флешкалар, видеокассеталар, дисктер, китеп, баракчалар, уюлдук телефондор, сим-карталар, компьютерлер күбөлөрдүн (кошуналары, жакын туугандары, айыл башчылары) катышуусунда алынды. Топтолгон материалдар Таш-Көмүр ШИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Алынган далил буюмдарга соттук-теологиялык экспертиза дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат",- деп айтылат маалыматта.