Бүгүн, 26-мартта Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда 1 АКШ долларын сатып алуу 69 сом 50 тыйын болсо, сатуу 70 сом 50 тыйын болууда. Ал эми 1 еврону сатып алуу 78 сом, сатуу 80 сомго жетти. 1 орус акчасын сатып алуу 1 сом болсо, сатуу 1 сом 5 тыйындан болууда.
Айта кетсек, март айынын башында 1 долларды сатып алуу 71 сом 60 тыйын болсо, сатуу 72 сом 30 тыйын болгон. Адистер билдиришкендей, доллардын наркынын түшүшүнүн бир катар себептери бар. Алардын бири - үй алуу үчүн баалардын доллардан сомго которулганы. Мындан улам чет өлкөлүк валютага болгон суроо-талап кыскарууда.