Өзбекстандын аймагынан кыргыз мамлекетинин аймагына жер алдынан өтчү тоннель табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КРнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, аталган тоннелди өзбек тарап өз аймагынан таап, кечээ эки мамлекеттин Чек ара кызматтарынын башчыларынын жолугушуусунда кыргыз тарапка билдирди.
"Бул тоннель Баткендеги үй менен Фергана облусундагы турак жайдын ортосунда казылган экен. Анын узундугу азырынча белгисиз. Эки мамлекеттин тиешелүү органдары тергөө иштерин башташты. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул тоннель аткезчилик үчүн даярдалган",- дешти Чек ара кызматынан.