Ош облусунун Чоң-Алай районунда А.Молдоболотов атындагы саламаттыкты сактоо борборунун дарыгерлери үчүн машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, машыгуу үч баскыч менен өттү. "Сценарийге ылайык, ооруканада саат 11:40та жер титирөө башталат. Медиктер мекеменин кызматкерлери менен бейтаптарды имараттан чыгарышат. Андан соң саат 11:42де болгон жер титирөөнүн айынан хирургия бөлүмүндөгү 3 палатанын дубалдары кулап, 5 бейтапты жана 3 медицина кызматкерин басып калат. Медиктер аларга жардам беришет. Ал эми үчүнчү баскычта медиктер саат 11:45 хирургия бөлүмүндө чыккан өрт кырсыгынан эс-учун жоготкон эки адамды куткарышат",- деп айтылат маалыматта.