SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Куу болуу пайдалуубу же зыянбы?" деген тема талкууга алынууда.
Темада көпчүлүк куулукту амалкөйлүк менен катар карап, анын керектигин, пайдалуу экенин айтышууда:
"Аялзаты, орусча айтканда, "хитрая", "мудрая" болуш керек. Турмушта бул сапаттардын аял үчүн пайдасы тийбей койбойт. Алсак, айрым эркектер өтө намыскөй келишет, аны аял башкаруусун каалашпайт. Амалкөй аял өз каалаганын буйрук иретинде эмес, сунуш иретинде "Мындай кылсак жакшы болмок, ошого сен кандай карайсың?" деп сылык түрдө өз айтканын кылдырып алат. Амалкөй аялдын дагы бир куралы - анын жылмаюусу. Жылмаюу аркылуу ал өзүн бир тараптан күчтүү көрсөтсө, экинчи тараптан башкаларга жылуулук тартуулап турат. Амалкөйлөр жолдошу үйүнө кечигип келсе "Акмак, кайда жүрөсүң?" деп бакырып киргендин ордуна "Жакшы келдиңби, курсагың токпу?" деп жылмаюу менен тосуп алышат экен. Карап көрсөк, амалкөйлүк да жашообузда канчалык бир даражада олуттуу роль ойнойт. Болгону туура колдоно билүү гана жетиштүү".
"Азыркы түлкү заманда куу болуунун зыян жагын көрө элекмин, жашоого тың экендикти далилдейт. Болгону жагдайга карап туура пайдаланыш керек".
"Көп учурда курал катары колдонуп коём, бирок сүйүктүүмө эле. Пайдасы көп тиет. Аялзаты өзү амалкөй, куу келебиз".
"Куулук бардык эле аялзатында бар. Убактысы келгенде кээ бирөө билип колдонот, кээ бирөө байкабай калат кайсы "куралды" колдонуп жатканын, куулук керек нерсе".
Ошондой эле буларга каршы пикирлер айтылууда:
"Мага куу адамдар такыр жакпайт. Бир аз эле куулугун билип калсам, мамилемди үзүп коём".
"Куу адамга ишениш кыйын, колуңдан баары келип турганда жаныңдан чыкпай, кыйналып турганда алыстайт. Негизинен, куулук начар сапатка кирет".
"Куу болбой эле, өзүбүзгө тың болушубуз керек".
"Куу дегенди өзүмчүл, алдамчы, эки жүздүү деп түшүнөм. Ишти, мамилени жөнгө салуу үчүн амалкөйлүктү, акылдуулукту эле үйрөнүү зарыл".
Мындан башка да түрдүү пикирлер айтылууда. Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.