СУПЕРСТАН: "Суук климат адамдын мүнөзүнө таасирин тийгизет, мисалы, суук аймакта жашагандар ачык түстөрдү жактырышпайт..."

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Климат, аба ырайы адамдын мүнөзүн түптөйбү?" деген тема талкууга алынды.

Автор: "Климат, аба ырайы адамдын мүнөзүн түптөйбү, өзгөртө алабы? Дегеним, суук жакта жашагандар ысык климаттагыларга караганда токтоо, салкын мүнөздүү жана таш боор келишет имиш. Бекеринен Индия, Африка континентинде жашагандар ыр-бийге жакын эмес экен. Ушул туурабы?"- деп суроо салган.

Буга колдонуучулардын пикирлери:

"Менимче, жок. Суук климатта жашагандар таш боор экендигине ишенбейм. Анда адамдарды токтоо кылып алыш оңойго турмак да".

"Суук жакта жашагандар консервативдүү болорун ачык түстөрдү жактырбаганынан билсе болот экен. Басымдуу бөлүгү кара же бир түстүү эле кийинишет. Ал эми ысык жакта жашагандар кызыл, сары, көк, жашыл, кыскасы, ачык түстөрдүн микс вариантын жактырат дешет".

"Менин оюмча, убактылуу мөөнөткө, аба ырайынын шартына байланыштуу адамдын маанайы өзгөрөт. Мисалы, жаан катуу жаап, катуу суук болуп, тоңуп, үшүп же ысыкта ысып, тердеп, суусаган учурлар адамдын маанайын түшүрүп коёт. Жамгырдан кийинки таза аба мээни сергитип, терең-терең дем алып кубаныч сезими көөдөндө пайда болот. Ал эми адамдын мүнөзү өзгөрөт деп айта албайм. Мүнөз бир гана жашоо шартка байланыштуу өзгөрөт".

"Климат адамдын кулк-мүнөзүнө, сырткы көрүнүшүнө, жашоо образына кандайдыр бир өлчөмдө сөзсүз таасир берет. Мисалы, кышта көпчүлүк адамдар депрессияга кабылышат экен, мунун себеби күндүн нурун жетишерлик албаганыбызда. Ал эми кээ бир өлкөлөрдө чаңдуу бороон көп жүргөнүнө байланыштуу ал өлкөнүн эли көпчүлүк учурда үйүнөн чыкпай отурушат экен. Бул болсо алардын башка элдерге салыштырмалуу түнт болуп калыптанып калуусуна шарт түзөт".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
marjan
2016-03-28 18:46:20
Ачык ондорду дактырбаганы чын севердин жашоочулары анткени мен дукондо иштейм кийим саткан кара кара кийимдерди жакшы корушот элдери.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан