Улуттук коопсуздук комитети дагы бир оппозиционерди кармаганы жатат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети оппозициянын өкүлү катары белгилүү Дуулатбек Турдуналиевге издөө жарыялады. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, Д.Турдуналиев коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, андан ары бийликти күч менен басып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр боюнча шектелип жатат.

Айта кетсек, буга чейин УКМК оппозициянын өкүлдөрү Бектур Асановду, Кубанычбек Кадыровду жана Эрнест Карыбековду кармаган. Алар соттун чечими менен 2016-жылдын 12-майына чейин СИЗОго отургузулушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан