Шайлоочулар субъективдүү себептер менен өзүлөрүн тизмеден таппай калып жатышканы тууралуу Тайырбек Сарпашев кечээ, 27-мартта Оштогу конференцияда билдирди. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын айтымында, республика боюнча 200 шайлоо аймагындагы идентификациялоочу жабдуулар стабилдүү иштеди.
"Өзүм Ош шаарынын 23 шайлоо аймагында болдум. Ар бириндеги байкоочулардын ойлорун сурап чыктым. Алардын баары эч кандай тартип бузуу жана махинация болбогонун айтышты. Катталбаган аймакка келип алышкан шайлоочулар да болду. Ошондой эле парламенттик шайлоодогуга караганда учурдагы шайлоочулардын тизмеги тактыгы менен айырмаланды. Кээде гана шайлоочулар субъективдүү себептер менен өзүлөрүн тизмеден таппай калып жатышты.
Шайлоо аймактарынын 95 пайызында жабдуулар токтоосуз жана катасыз иштеп жатты. Операторлордун гана катасы менен иштебей калган учурлар болду. Жөнөкөйлөтүп айтканда, жабдуулар туура эмес кошулуп калгандыктан иштебей жатты. Мунун баары операторлордун тажрыйбасыздыгы. Тажрыйбалуу операторлор отурган шайлоо аймактарында эч кандай көйгөйлөр жаралган жок",- деди Тайырбек Сарпашев.