Шашылыш билдирүү! 27-29-март күндөрү өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

2016-жылдын 27-мартынан 29-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындарга байланыштуу өлкөбүздүн тоолуу райондорунда жана Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Ысык-Көл облусундагы Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2016-жылдын 26-мартында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан