Бишкектеги Турусбеков жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги кырсыктан улам шаардагы дарактардын баары текшерүүдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык болгон жерге жарым сааттын ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, укук коргоо органдарынын, мэриянын, "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери келишкен. "Бишкек мэри Албек Ибраимов бул окуяга байланыштуу шашылыш жыйын уюштуруп, каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө жардам берүүнү буюрду. Кырсыктын себептерин атайын түзүлгөн комиссия иликтейт жана бүгүндөн тарта бардык дарактар текшерүүдөн өткөрүлөт",- деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, кечээ, 27-мартта саат 19:30 чамасында окурман Бишкекте чоң дарактын кулаганы тууралуу "ЭЛДИК КАБАРга" маалымат жөнөткөн.